Kirgisisch / Kirghiz / Кыргызча
Жаратуучу ким?
Бизди курчап турган дүйнө
Тирүү жандыктарга байкоо жүргүзгөндө, алардын түзүлүшүнүн татаалдыгын, жашоо-тиричилигинин керемет ойлонуштурулганын көрөбүз. Мисалы, сүт эмүүчү деңиз жаныбары кашалот 3000 метр тереңдикте сүзө алат, суунун үстүнө сүзүп чыкканда, ал кессон оорусуна чалдыкпайт. Ал эми тоңкулдак даракты болгон күчү менен ургуласа да, мээсине доо кетпейт.
Мен бейишке кантип кире алам?
Жашоосунун акыры жөнүндө ойлонгон ар бир адамда тозок, бейиш тууралуу суроо болот.
Жети жашында “Башка планеталык адам” аттуу фантастикалык фильмде башкы ролду ойноп, кино жылдызы болуп калган америкалык актриса Дрю Бэрримор 28 жашка (1975-жылы төрөлгөн) чыкканда, мындай деген эле: “Эгер мен мышыгымдан мурдараак өлсөм, менин күлүмдү ага жегизгиле. Бир аз болсо да, мышыктын ичинде жашап турайын”. Өлүм тууралуу ушундай түркөй түшүнүктө болуу кандай коркунучтуу!