Wir verwenden Cookies, um die Benutzerfreundlichkeit dieser Webseite zu erhöhen (mehr Informationen).

Manfred Röseler

Covid-19 - Эми сарсанаа менен жашайбызбы?

Mit großem Tempo breitet sich das Corona-Virus aus und verursacht eine neuartige Lungenkrankheit, die als Covid-19 bezeichnet wird. Die Zahl der bestätigten Infektionen und Todesfälle aufgrund dieser Krankheit wächst stetig.

Müssen wir besorgt sein? Ich möchte Sie ermutigen, dass Sie mit Gott rechnen und Ihr Leben Jesus Christus anvertrauen. Vielleicht kann die Sorge um Covid-19 dazu beitragen, dass Sie von dem schlimmsten „Virus“, den es überhaupt gibt, die Sünde, befreit werden.

Wir empfehlen Ihnen diese Schrift zur Weitergabe an viele andere.

8 Seiten, Best.-Nr. 51-15

Dieses Traktat steht derzeit nur als Download zur Verfügung. Ab einer Bestellmenge von 1.000 Stück geben wir es für Sie gern in den Druck. Bitte wenden Sie sich an uns! / This tract is currently only available as a download. But we will gladly go to print for an order of 1,000 or more. Please contact us!


Covid-19

Коронавирустун Covid-19 деп аталган жаңы штаммы өпкөнү катуу ооруга чалдыктырып, планетага тез жайылып баратат.

Бул оору жуккан жана андан көз жумгандардын саны өсүүдө. Ошол эле убакта вакцинаны таап, айыктыруу үчүн изилдөө да жүрүп жатат. Азыр алдын алуу чаралары өтө маанилүү. Оору жуккан адамдарды карантинге алып, оорубаган адамдардан алыс кармап, вирус жуккан адам менен байланышта болгондун баарын аныктап, аларды да карантинге алуу керек. Колдон келишинче оору башкага жукпагандай аракет болгону жакшы.

Эми сарсанаа менен жашай беребизби?

Бул оору 2019 жылдын декабрынын аягында Кытайдын миллиондогон калкы бар Ухань шаарынан чыккан. Ошондон бери ал эл аралык масштабдагы эпидемияга айланды.

Covid-19 Келечекке үмүт

2020 жылы 11 мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) коронавирус эпидемиясын пандемия деп расмий жарыя кылды. Коронавирустун тез жайылышынан улам тынчыздануу пайда болгону таң каларлык эмес. Ошондуктан коопсуздук чаралары керек экени баарына белгилүү.

Биз Ыйык Китептен окугандай, үч миң жыл мурун эле адамдар жугуштуу ооруга чалдыккандарды эмне кылганын билебиз. Мисалы, пес ооруулууларды элден өзүнчө бөлүп коюшкан. Бүгүн оорулуу адамдарга мындай мамиле кылуу таш боордук болор. Бирок бүгүн ошого окшош методдорду колдонуп жатабыз. Биз аларды карантин деп айтабыз.

Биз өзүбүздү кантип коргой алабыз?

Адамдар чогулган жерге барбай, маска тагынып, колду тез-тез жуушубуз керек. Эшиктин туткаларын, башка нерселерди дезинфекция кылып, адамдардан бир же эки метр алыс туруу керек. Эгер тегерек-четте шек туудурган симптомдору бар адамдар болсо, андан бетер сак болуу керек.

Иммундук системаны бекемдөө дагы алдын алуу чарасына кирет. Бирок ушул чаралардын баары коопсуздук чараларын сактоого жетиштүү болобу? Бул кеңештер бизди тынчтандыра алган жок.

Мен азыр унутпай турган бир жагдайга өзгөчө көңүл бурдургум келип турат. Кудай ар бир адамды коргой аларын биз Ыйык китептен биле алабыз. Ал жакта минтип жазылган:

“Түнкү коркунучтардан, күндүзгү учкан жебелерден, караңгылыкта жүргөн каргашадан, чак түштө кырган жугуштуу оорудан коркпойсуң. Жаныңда он миң, оң жагыңда он миң кырылып жатса да, сага жакындабайт” (Забур 90:5-7).

Израил эли Мисирде жогоруда жазылгандай коргоону көргөн. Бир түндө ар бир мисирдиктин тун уулу өлсө, Израил элинде баары аман калган. Ошондой эле дүйнөнү топон суу каптаганда да Кудай Ага ишенгендерди сактап калган.

Биз да ушундай коргоого үмүттөнө алабызбы?

Жок, жогоруда айтылган мисалдар азыркы жагдайга туптуура келет дей айта албайбыз. Бирок алар бизди коркунучтун баарынан коргой алган кудуреттүү Кудайдын күчүн эске салат. Кудайга ишенгендер да оору-сыркоодон каза болушат, согуштан, апат менен куугунтуктан көз жумушат. Муну да эске алуу керек.

Кудайдын ушундай кыйынчылык кезде жардам бергенине бир кезде Вавилондун аймак башчылары болгон үч еврей башчылары жакшы мисал болот. Алар Седрах, Мисах жана Авденаго деген кишилер болгон. Булар тууралуу Ыйык китеп баян кылат. Алар жанындагы адамдар менен чогуу Навуходоносор падышанын алтын айкелине табынышы керек болчу. Ага табынбагандар мешке ыргытылмак. Тиги үчөө Кудайдан башка эч кимге табынышпасын билишкен. Ошол үчүн падышага мындай жооп беришкен:

«Биз кызмат кылып жаткан Кудайыбыз бизди жалындап күйүп турган мештен куткара алат, падыша, Ал сенин колуңдан да куткарат. Андай болбогон учурда да, падыша, сага маалым болсун, биз сенин кудайларыңа кызмат кылбайбыз, сен орноткон алтын бурканга табынбайбыз» (Даниелдин китеби 3:17,18).

Жогорудагы үч киши эми ушунун баары кантип бүтөрүн билген эмес. Бирок өлө турган болсок да, Кудайга ишенген бойдон калалы дешкен. Аларды чоң мешке ыргытышкан, бирок Кудай аларды сактап калган. Биз Кудай Ага ишенгендерди сактайт, жашоодогу кыйынчылыктардан өткөнгө жардам берет деп, толук ишеним менен айта алабыз. Адамдарды оору, кыйынчылык же өлүм күтүп турса да, Кудай аларды тозоктон куткарганын ошол адамдар так билишет. Алар Кудай актап койгонун жана Ал баарын жакшы жагына бурарына ишенишет.

Азыр, коронавирус эпидемяисы тараган кезде, мындан да жаман “оору” бар экенин да ойлонгонубуз туура. Биз азыр сарсанаа болуп жатабыз, кээ бирөө бул вирусту билбегенден же маани бербегенден жугузуп алып, башкаларга да жугузуп жатат.

Бирок мындан да жаман “вирус” бар. Ал эң жаман “вирус”. Ал кээде билгизбей да келет. Көптөрү ага көңүл бурушпайт. Бул “күнөө” аттуу вирус. Бул Ыйык китептеги термин. Бул Кудайдан алыстаган жана туура эмес жашаган адамдын акыбалын билдирет. Күнөөкөр киши Кудайдын буйругу менен жашабайт, тозоктон куткаруучу Ыйса Машаякка кайрылбайт.

Кудай бизди Өзү жана башка адамдар менен туура алакада жашасын дейт. Бирок күнөө жакын адамдарыбыз менен жана Кудай менен алакабызды бузуп келет.

Негизи бул дүйнө туташ бузулган.
Биз жашаган дүйнөдө жек көрүүчүлүк, террор, согуш, азап-кайгы деген көп. Биз мына
ушунун ичинде жашайбыз.

Биз ушунун баарын карап алып, кантип жашарды, эмне кылууну билбейбиз. “Вирус” көбүбүздү көзөмөлгө алган. Адамдар бири бирине чоочун болуп калган, өлкөлөр бири бири менен согушууда. Бирок бул бери эле жагы. Эң жаманы – күнөө бизди Кудайдан бөлөт. Кудайдан биротоло, түбөлүккө бөлөт.

Коронавирустан убактылуу эле эмес, өмүр бою карантинде калганыңарды элестетсеңер! Аябай жаман ээ? “Күнөө” вирусунун кесепети жаман, ал ал адамдарды бир нече жума же айга эле эмес, түбөлүккө “карантинде” калтырат. Адам Кудайдан биротоло бөлүнөт да, Аны менен бейиште болбойт. Мындай адам өлгөндөн кийин Кудайсыз, коркунучтуу тозокко барат.

Эгер күнөө “вирусунун” кесепети ушунча олуттуу болсо, андан айыгуунун жолун билген абдан маанилүү эмеспи! Кудай мунун жолун тапкан. Бизди күнөөнүн “вирусунан” арылтуу үчүн бул жашоого Өзүнүн Уулу Ыйса Машаякты жиберген.

Ыйса ар бир адамдын күнөөсү үчүн айкаш жыгачта өлгөн. Ал күнөөнүн кунун Өз өмүрү менен төлөгөн. Ал биздин күнөөбүздү Өзүнө алган, ошол үчүн биз кечирим алдык. Ошентсе да адам күнөөдөн дароо арылып кетпейт. Оорулуу адам дары ичиши керек. Биз да Кудай “жазып берген” дарыны ичишибиз керек. Күнөөлөрүбүздөн айыктыра турган “дары” – бул Ыйса Машаякка ишенүү. Ага ишенгиле!

Ыйык китепте Ыйса тууралуу минтип жазылган: “Асман алдында адамды куткара турган башка ысым жок” (Элчилердин иштери 4:12).

Кантип Ыйса аркылуу күнөөбүздөн арыла алабыз? Биринчиден, күнөөбүз үчүн Кудайдын кечирими керек экенин моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, Ыйсаны Кудай катары кабылдап, Анын жолуна түшөм деп чечүү керек.

Муну кантип жасаса болот? Ыйса Машаякка сыйынып кайрыл. Анын күнөөң үчүн өлгөнүнө шүгүрчүлүк келтир. Бардык күнөөң үчүн Андан кечирим сура. Жашоомду Өзүң башкаргын деп айт. Жашооңду толук Ага тапшыр!

Ошондо Ыйса бүт күнөөңдү кечирет да, Өзүнүн баласы кылат. Күнөөнүн “вирусунан” айыгасың. Келечекте Аны менен бейиште болоруңа кубанасың. Анан бул жарыкчылыкта Аны менен болгон жаңы жашооң башталат. Ушундан кийин Кудайга болгон тилегиңди айт, сыйын, Ыйык китеп оку жана Ыйсага ишенип, Аны дилинде сактагандар менен баарлаш.

Биз эми сарсанаа менен жашайбызбы? Мен Кудайга таянгыла, жашооңорду Ыйса Машаякка тапшыргыла дээр элем. Мүмкүн, Covid-19ду ойлоп кыйналганыңар эң коркунучтуу болгон күнөө “вирусунан” арылганга жардам берер.

Манфред Рёселер